МАЛЬЦЕВ
МАЛЬЦЕВ Виктор Тимофеевич (3. 6. 1906, Термез - 25. 5. 1972, Киев) - геолог, СССР мамлекеттик сыйлыгы лауреаты (1953). Орто Азия индустриялык институтун бүткөн (1934). Кыргыз ССР геол. башкармалыгынын Түштүк Ысык-Көл экспедициясында башкы инженер, Кабак, Камень геол. экспедицияларында начальник (1947-64), Казак ССР геол. чалгындоо башкармалыгынын Волков экспедициясында начальник болуп иштеген. Кыргызстандын кен байлыктарын ачууга жана геол. чалгындоого олуттуу салым кошкон. Эмгек Кызыл. Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.