МАЛЬТУС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:51, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛЬТУС Томас Роберт [14 (башка маалымат боюнча 17). 2. 1766, Суррей графтыгы, Рукери чарбагы - 23.12.1834, Батага жакын] - англ. экономист. Кембриж университетин бүтүргөн (1788), 1805-35-жылы Ост-Индия компаниясынын колле­жинде саясий экономия боюнча профессор. М. - буржуазияга айланган жер ээлөөчүлөрдүн идеологу жана Улуу Британиядагы вульгардык саясий экономиянын негиз салуучуларынын бири. 1798-жылы көмүскө жарык көргөн «Калк за­кону жөнүндө тажрыйба» деген эмгеги аны бел­гилүү кылган. Ал калктын геометриялык прогрессияда өскөнүн, ал эми аларды азык-түлүк менен камсыз кылуу арифметикалык прогрессиянын негизинде болуп жатканын далилдөөгө аракеттенген. Ушул эки прогрессиянын ортосундагы айырма ар түрдүү коомдогу терс көрүнүштөрдү (ачкачы­лык, жакырчылык, эпидемия, согуш ж. б.) алып келерин айткан. Дүйнөлүк экономикалык коом М-тун бул теориясын (к. Малыпусчулук) реакциячыл деп атап, аны жериген. Азыркы мез­гилде жана келечекте өндүрүштүн өсүш темпи калктын өсүшүнөн бир канча ылдам болору аныкталды. 1900-2000-жылы дүйнөлүк ИДП 19 эсе­ге, ал эми калктын саны ошол эле жылдарда 4 эсе өскөн. Ошентип адамзаттын «Мальтустун кылтагынан» бошонушу 20-к-дын жыйынтыгы менен аныкталды десек туура болот.

Ад.: Блауг М. Экономическая мысль в ретроспек­тиве. М., 1994 (библ.); Жид Ш., Рист Ш. История экономических учений. М., 1995.