МАЛЬТУС
МАЛЬТУС Томас Роберт [14 (башка маалымат боюнча 17). 2. 1766, Суррей графтыгы, Рукери чарбагы - 23.12.1834, Батага жакын] - англ. экономист. Кембриж университетин бүтүргөн (1788), 1805-35-жылы Ост-Индия компаниясынын коллежинде саясий экономия боюнча профессор. М. - буржуазияга айланган жер ээлөөчүлөрдүн идеологу жана Улуу Британиядагы вульгардык саясий экономиянын негиз салуучуларынын бири. 1798-жылы көмүскө жарык көргөн «Калк закону жөнүндө тажрыйба» деген эмгеги аны белгилүү кылган. Ал калктын геометриялык прогрессияда өскөнүн, ал эми аларды азык-түлүк менен камсыз кылуу арифметикалык прогрессиянын негизинде болуп жатканын далилдөөгө аракеттенген. Ушул эки прогрессиянын ортосундагы айырма ар түрдүү коомдогу терс көрүнүштөрдү (ачкачылык, жакырчылык, эпидемия, согуш ж. б.) алып келерин айткан. Дүйнөлүк экономикалык коом М-тун бул теориясын (к. Малыпусчулук) реакциячыл деп атап, аны жериген. Азыркы мезгилде жана келечекте өндүрүштүн өсүш темпи калктын өсүшүнөн бир канча ылдам болору аныкталды. 1900-2000-жылы дүйнөлүк ИДП 19 эсеге, ал эми калктын саны ошол эле жылдарда 4 эсе өскөн. Ошентип адамзаттын «Мальтустун кылтагынан» бошонушу 20-к-дын жыйынтыгы менен аныкталды десек туура болот.
Ад.: Блауг М. Экономическая мысль в ретроспективе. М., 1994 (библ.); Жид Ш., Рист Ш. История экономических учений. М., 1995.