МАНЬЯНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНЬЯНИ Анна (7. 3. 1908, Рим - 26. 9. 1973, ошол эле жер) - итал. актриса. 1920-жылдар­дын аягында - 1940-жылдардын ортосуна че­йин драма театрында жана эстрадада иштеген. 1930-жылдардан киного тартылган («Соренто­лук сокур кыз»), «Рим - ачык шаар» (Р. Рос­селлини) фильминде каршылык көрсөтүү кый­мылынын катышуучусу, карапайым аял Пина­нын ролун жараткан. Зор таланты, темперамен­ти, эмоциялуулугу актрисаны итал. неореализ­мдин башкы актрисасына айландырды (Л. Дзам­па, «Депутат Анжелина», Венециядагы ЭКФ сыйлыгы; Камерини, «Жолдордогу кыялдар» ж. б.). Итал. «күлгүн реализм» мезгилинде чет өлкө­лөрдө (Д. Манн, «Татуировкаланган роза», «Ос­кар» сыйлыгы; Ж. Кьюкор, «Жапайы шамал», Батыш Берлин ЭКФ сыйлыгы ж. б.) жана

мекенин­де (Р. Кастеллани, «Шаардагы тозок» ж. б.) ки­ного тартылуу менен талантына шайкеш роль та­бууга аракеттенген. 1962-жылы П. Пазолининин «Рома апай» фильминде башкы ролду аткарып, эненин кайгысы менен кубанычын гана эмес, ыра­йымсыз убакыттын жаргылчагынын чайнага­нына моюн сунбаган күчтүү инсандын драма­луу образын жараткан. Театрда да ийгиликтүү иштеген (Пина, Ж. Верга, «Канчык карыш­кыр», 1965 ж. б.). Кинодогу акыркы ролу «Рим» (Ф. Феллини) фильминде эпизоддук ролго тар­тылып, өзүнүн ролун өзү аткарган (1972).

Ад.: Алова Л„ Боброва О. А. Маньяни и её роли. М., 1990.