МАНИПУЛЯТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:45, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНИПУЛЯТОР - оператордун башкаруусу менен колдун кыймылына окшош кыймыл (манипу­ляция) аткаруучу механизм. Ал иштөөгө кооп­туу же кыйын шарттарда колдонулат. М. кол

Кран манипулятор.

менен жана автоматтык башкарылуучу болуп бөлүнөт. Автоматтык башкаруу системасы бар М. М.-робот же робот деп аталат. 1) т о о к е н и ш и н д е бургулоо кареткасынын негизги механизми; ал үңүлмө (забой) жанында пер­форатордуу автобергичти жылдырат. Түзүлүшү боюнча радиалдуу (айлануучу), сызыктуу, колон­калуу жана жаа сымал болуп бөлүнөт. М. пнев­матикалык, гидравликалык жана айкалышты­рылган (кээде кол менен иштөөчү) кыймылдат­кыч менен иштейт; 2)металлды басым менен иштетүү процессинде

тетиктер­дин ордун алмаштыруучу машина. Прокатка М-у металлды бир калибрден экинчисине кото­руу, багыт берүү, түздөө операцияларын атка­рат. Согуу М-у барскан жана гидравликалык про­цессте согуу жана штамптоо операцияларын ме­ханикалаштырууда колдонулат; 3)ядролук техникада радиоактивдүү заттар менен иштөөдө ошол заттарды адамга тийгизбөөчү ме­ханизм. Мындай М. менен коргоочу дубалдын ар­тындагы буюмду кармап, ордунан жылдырат; 4) компьютердин четки (перифериялык) түзү­лүшү. Ал монитор экранында курсорду жыл­дыруу үчүн колдонулат («чычкан», трекбол, жойстик, жарык калем ж. б.).

Ад.: Артобалевский Ч. И. Теория механизмов и машин. М., 2008.