МАНАС РАЙОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:45, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНАС РАЙОНУ — Талас облусунун түндүк-баты­шында жайгашкан администрациялык бирдик. 1980-жылы 3-сен-

тябрда Киров (учурда Кара-Буура) р-нунан бөлүнгөн. Талас өрөөнүнүн түндүк-батыш бөлүгүнөн орун алган. Түндүгүнөн жана батышынан Жам­был обл. (Казакстан), түштүгүнөн Кара-Буура жана Бакай-Ата, чыгышынан Талас р-ндору менен чектешет. Аянты 12,4 миң км2. Калкы 32,9 миң (2009). Борбору - Покровка кыш. (7,4 миң).

Райондун аймагы Талас өрөөнунун Кыргыз Ала-Тоосу менен Эчкили-Тоо, Ак-Таш, Кызыл­Адыр тоолорунун аралыгында жаткан бөлүгүндө жайгашкан. Жеринин бети негизинен түндүк-ба­тышты карай бир аз жантайынкы, кокту-ко­лоттуу, кургак сайлуу; дөңсөөлөр да бар. Кен байлыктарынан гранит, курулуш материалда­ры ж. б. кездешет. Климаты континенттик, январдын орт. температурасы —8°С, июлдуку 21,3°С. Жылдык жаан-чачыны 250—300 мм. Чоң суу­су - Талас (куймалары: Нылды, Кайынды, Ал­малы, Кара-Арча ж. б.). Өрөөндүн таманында боз, тоо этектеринде ачык күрөң, кара, тоо-шал­баа топурактары басымдуу. Деңиз деңгээлинен 900— 1100 м бийиктикке чейин шыбак-эфемерлүү жа­рым чөл, андан жогору шыбак-чийлүү кургак талаа (1100—1500 м), бетегелүү талаа (1500— 2000 м), шалбаалуу талаа жана шалбаа (2000— 2600 м), субальп шалбаалуу талаа жана талаа өсүмдүктөрү (2700 мден жогору) таралган.

Калкынын көбү кыргыздар; андан башка орус, казак, татар, түрк, күрд, немис ж. б. улуттар жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2ге 29 киши туура келет. Райондо 5 айыл округу, 22 кыштак бар.

Чарбасынын негизги тармагы - айыл чарба­сы, анын ичинде дыйканчылык өнүккөн. Айдоо аянты 20,5 миң га (анын ичинде 14,0 миң гасы сугат, 6,5 миң гасы кайрак жер), жайыт 62,5 миң га. Дыйкан­чылыкта дан эгиндери жана төө буурчак, кар­төшкө, жашылча, кант кызылчасы жана тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Токой 6,6 миң га, бадал 1,3 миң га жерди ээлейт. Мал чарбасында уяң жүндүү кой чарбасы өнүккөн. Өнөр жайынан гранит ташын иштетүүчү ишкана, курулуш ма­териалдарын жасоочу «Алмаз» АК (Кызыл­Жылдыз кыш-нда) ж. б. бар. Автомобиль жо­лунун мааниси зор. Райондун аймагынан Та­лас - Кызыл-Адыр - Тараз (Казакстан), Талас - Нылды - Покровка - Тараз (Казакстан) мамле­кеттер аралык маанидеги автомобиль жолдору өтөт. Райондо 13 орто, 5 негизги, 3 башталгыч, балдар музыкалык жана спорт мектептери, өспүрүмдөрдүн жана балдардын чыгармачылык борбору, 11 бала бакча, 18 китепкана бар. Райондук гезит чы­гат. Үч оорукана, 2 поликлиника, 5 ФАП, сани­тария-эпидемиол. станция, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт. Р. Токторова.