МАНАС (дарыя, Борбордук Азия)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:45, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАНАС - Борбордук Азиядагы дарыя; Чыгыш Те­ңир-Тоонун түндүк капталынан, Ирен-Хабырга тоо­сундагы кар-мөнгүлөрдөн башталып, Манас (Иге­Хак) көлүнө куят. Узундугу 402 км Жогорку бөлү­гүндө тоо аралап, терең жана кууш өрөөн,

ортон­ку жана төмөнкү бөлүктөрүндө Жунгар түздүгү аркылуу агат. Суусунун орт. чыгымы тоодон чы­га беришинде 34 м3/сек. Суусу жайында кирет. Сугатка кеңири пайдаланылат; суусунун бир бөлүгү батышка, кургакчыл Хоргос ж. б. дарыя­лардын алаптарына берилет.