МАМАТУРДИЕВ Гулам

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМАТУРДИЕВ Гулам (1. 1. 1940-жылы т„ Ош обл., Араван району, Араван кыш.) - экономика илимдеринин доктору (2001). ОМПИни (1962), Өзбек ССР ИАнын аспирантурасын (1965) бүткөн. ОМПИде окутуучу, улук окутуучу (1962-74), до­цент (1974-79), кафедра башчысы (1979-91), де­кандын орун басары (1991-94), Кыргыз-Өзбек университетинде декан (1994-06), ОМПИде проректор (2006-07), 2007-жылдан Россия мамлекеттик социал­дык университетинин Оштогу филиалында профессор 210дон ашуун илимий эмгектин (анын ичинде 10 монографиянын, 18 окуу-метод. көрсөтмөнүн жана 12 китеп) авто­ру. Илимий эмгектери негизинен КРдин а. ч. комп­лексинин инновациялык механизмдерине ар­налган. КР Инженердик академиясынын корр. мүчөсү (1999) жана академиги (2004). Даңк медалы менен сыйланган.

Эмг.: Структуралык программалоонун негизинде Паскаль тилинде программалоо (авторлош). Ош, 1990; Формирование механизмов аграрного рынка. Теория моделирование, проблемы. Ош, 1997; Прогнозирова­ние и эффективность механизмов аграрного рынка (в условиях Кыргызской Республики). Ош, 1998; Ме­тодологические основы механизмов развития аграр­ного рынка (соавтор). Б., 2000.