МАМАСАИДОВ Мухамаджан Ташалиевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:45, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМАСАИДОВ Мухамаджан Ташалиевич (1. 4. 1949-жылы туулган, Ош обл., Араван району, Араван айы­лы) - техника илимдеринин доктору (1989), профессор (1992), КР УИАнын академиги (2000). КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1998). ФПИни (1971), ошол эле жерден аспирантураны (1965) бүтүргөн. Кыргыз ССР

ИАнын «Импульс» ИИИде инженер, кенже, улук илимий кызматкер, лабор. башчы­сы, Ош Жогорку технол. коллежинде (ВТКда) кафед­ра башчысы, Кыргыз-Өзбек жогорку технол. коллежин­де директор, 1997-2010-жылы

Кыргыз-Өзбек университетинде ректор болуп иштеген. 150дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 7 монография, 33 ойлоп табуусу жарык көргөн.

Эмг.: Теория вертикальных шнековых механизмов, Ф., 1978; Прочность гибких трубопроводов бурильных установок. Б., 2001.