МАЛОВОДНЫЙ (Сокулук р-ну)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛОВОДНЫЙ - Чүй облусунун Сокулук районунун­дагы кыштак. Кызыл-Туу айыл аймагына ка­раштуу. Деңиз деңгээлинен 854 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыш-нан 14 км чы­гыш тарапта. Шопоков т. ж. бекетинен 12 км. Кыштак 1924-жылы негизделген. Калкы 2346 (2009); негизинен мал багып, багбанчылык кылышат. Орто мектеп, китепкана, психология-неврол. интернат үйү (аялдар үчүн), бала бакча, маданият үйү бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бө­лүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Улуу Ата Ме­кендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.