МАРЙЯ СТЮАРТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:14, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРЙЯ СТЮАРТ (8. 12. 1542, Шотландия, Лин­литгоу - 8. 2. 1587, Англия, Нортгемптоншир графтыгы, Фотерингей сарайы, сөөгү Вестмин­стер аббаттыгына коюлган) - Шотландия коро­левасы (1542-67-жылы, иш жүзүндө 1561-жылдан), Стюарттар династиясынан. Шотландия королу Якоб Унин кызы. Атасы өлгөн соң (1542), так­ка отурган (1543). 1548-61-жылы Францияда жа­шаган, 1558-жылы француз дофини, келечектеги ко­роль Францискке күйөөгө чыккан. 1559-60-жылы Юраев Франциск Пнин жубайы катары

Фран­ция королевасы болгон. Жесир калгандан ки­йин 1561-жылы Шотландияга кайтып келип, ошол эле кезде католик ак сөөктөрүнүн колдоосу менен англ. тактыга (король Генрих УПнин чөбөрөсү катары) талапкер болгон. Шотландиядагы Ан­глия колдоп турган протестантизмге расмий түр­дө жол бергени менен М. С. католиктерге колдоо көрсөтүп, Римдеги папа менен байланыштарын үз­гөн эмес. Экинчи күйөөсү - лорд Дарнлини өл­түрүүгө катышкан деп күнөөлөнүп, 1567-жылы так­тыны өзүнүн уулуна (шотландиялык король Яков VI; 1603-жылдан англия королу Яков I) өткөрүп берип, шотландиялык кальвинчилер тарабынан куулуп, Англияга качкан. Англия королевасы Елизавета 1ге каршы бир нече жолу кутум уюштурууга катышкандыгы үчүн М. С. Елизавета I тарабынан түрмөгө камалган жана Фотерингей сарайында өлтүрүлгөн. Шиллердин «Мария Стюарт» трагедиясында, Гаэтано До­ницетти менен Сергей Слонимскийдин «Мария Сюарт» операсында анын образы идеалдашты­рылган.

Ад.: Эсоно Е. А. Мария Стюарт: королева шотланд­ская. СПб., 2002.