МАРГИАНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:14, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРГИАНА (грекче Мосрүшу) - Кара-Кум чөлү менен чектеш, Мургаб дарыясынын төмөнкү өрөөнүн куча­гына алган тарыхый аймак. Улуу Жибек жолу­нан орун алып, бир жагынан Индия, Кытай, Борбордук Азияга кете турган тогуз жолдун тоому, экинчиден түшүмдүү, стратегиялык жактан маа­нилүү болгондуктан, адамдар байыртадан бе­ри отурукташып, гүлдөгөн шаарлар салынган (к. Мерв). Менены адегенде Александр Македон­ский, кийин Селевкид мамлекетинин падыша­сы Антиох III (к. Селевкиддер династиясы.) ка­ратып алган. Биздин замандын 3-18-к-да Хорасан облусунун бир бөлүгү катары саналган.