МАНТИЯ
МАНТИЯ (грекче тапПоп - жапкыч, плащ) - у к у к т а мамлекеттик сот иштерине байланыштуу, көбүнчө сот, кээ бир учурда прокурор, адвокаттар кие турган атайы кийим. Расмий түрдө өз милдетин аткарып жаткан мезгилде (сот отурумунда) кийилет. М. мамлекеттик бийликтин бир символу катары сот адилеттүүлүгүн иш жүзүнө ашырып жаткан соттун өзгөчө статусун белгилейт. Мененын кара түстө болушу сот бийлигинин абройлуулугунун, сот калыстыгынын, эч кимге жан тартпай, адилеттүү өкүм чыгарыла тургандыгынын белгиси болуп эсептелет; б и о л ог и я д а - моллюскалардын, айрым рак сымалдардын денесин калтап турган сырткы тери бүктөөсү. Мененын атайын без клеткалары сырткы скелетти (раковина) пайда кылат. Омурткалуулардын М-сы мээ кыртышы деп аталат; геологияда - Жердин ядросу менен жер кыртышынын ортосунда жайгашкан «катуу» Жер катмары. Жердин көлөмүнүн (атм-сыз) 83%ин, массасынын 67%ин түзөт, к. Жер.