МАМЛЕКЕТТИК ЭКЗАМЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМЛЕКЕТТИК ЭКЗАМЕН - окуучулардын же студенттердин (жог. жана атайын орто окуу жай­ларында) билим деңгээлин сыноо, бүтүрүү сы­ноосу. М. э-ди ЖОЖдордо квалификациялуу ко­миссиялар алат. Комиссия башчылыгына ошол тармактагы адис же окумуштуу (экзамен жүрүп жаткан окуу жайда иштебеген) шайланат. Ко­миссия мүчөлөрү ректор же проректор, тийиштүү факультеттин деканы же орун басары, кафедра баш­чылары, профессорлор жана доценттер, адистик боюнча окутуучулар болот. Окуу планынын бар­дык талабын аткаргандар гана М. э. берет. М. э. тапшыргандан кийин бүтүрүүчүгө адистиги туу­ралуу документ берилет.