МАМЛЕКЕТТИК СЫР
МАМЛЕКЕТТИК СЫР - мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтире турган аскердик (чалгындоо, контрчалгындоо), тышкы саясий, экономикалык, ж. б. атайын мыйзам аркылуу мамлекет тарабынан коргоого алынган маалыматтар. КРдин 1994-жылы 14-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашыруун сырларын коргоо жөнүндөгү» мыйзамында М. с. 3 топко бөлүнөт: мамлекеттик, аскердик жана кызматтык сырлар. Бул сырлардын ичинен кээ бирине «таптакыр жашыруун» жана «өзгөчө маанидеги жашыруун» деген грифтер коюлат.