МАМБЕТКАЛИЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:14, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМБЕТКАЛИЕВ Султан [18. 8. 1942, Фрунзе (азыркы Чүй) обл., Чүй району, Кегети айылы - 11. 2. 2014, Бишкек] - филолог, КР билим бе­рүүсүнүн эмг. сиң. кызматкери (2002), КРдин эл мугалими (2011). КМУнун филология факультетин бүтүрүп (1968), ошол эле

университетте оку­туучу (1968), окуу бөлүм башчысынын орун басары (1974), доцент, КМУнун сту­денттик профсоюз комитетинин төрагасы (1979), Чүй университети­нин негиздөөчүсү, ректору, 1991-2014-жылы президенти болуп иштеген. Өзүн-өзү фи­нансылоочу окуу жайлар ассоциациясынын уюштуруучусу (1995), прези­денти (1999), 1997-жылдан Эл аралык Кадрлар академиясынын академиги (Киев) жана анын Азия боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, Эл аралык Түрк академиясынын академиги (Москва), КРдин Туризм академиясынын профессор (1998), КР рек­торлор союзунун вице-президенти (1999), КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү тармагында кызмат­ташуу боюнча КР ведомстволор аралык координа­циялык кенешинин мүчөсү (2000), Чүй районунда­гы өкмөттүк эмес уюмдар ассоциациясынын кам­корчулар кеңешинин төрагасы (2006). М. Чүй университетинин алдындагы Бишкек, Кара-Балта, Чол­пон-Ата коллеждерин, ошондой эле университеттин базасын­да үч башталгыч окуу борборун ачкан. 12 мето­дикалык окуу китептин, бОтан ашык илимий эм­гектин автору.