МАМБЕТАЛИЕВ Көкөбай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:14, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМБЕТАЛИЕВ Көкөбай (1913, азыркы На­рын

обл., Кочкор району, Дөң-Алыш кыш. - 12. 11. 1976, ошол эле жер) - мугалим, КРдин эмг. сиң. мугалими (1964), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1968).

Караколдогу мугалимдер институтунбүтүргөн(1951). 1961- жылдан өмүрүнүн акырына чейин Кочкор районундагы Та­лаа-Булак орто мектебинде биологиядан сабак берип, Кыргызстандын өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө миңге жакын түрдүү экспо­наттарды жана көрсөтмө үл­гүлөрдү жасаган. Мектепте­ги ал түзгөн зоология му­зейи респ-кага белгилүү болгон. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. Өзү иш­теген орто мектепке ысмы берилген.