МАМБЕТАКУНОВ Эсенбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМБЕТАКУНОВ Эсенбек [15. 2. 1944-жылы туулган, Тянь-Шань (азыркы Нарын) обл., Ат-Башы району, Жаңы-Күч айылы] - педагог, КРдин элге билим берүүсүнүн отличниги (1984). СССРдин эл агартуусунун отличниги (1991), педагогика илимдеринин доктору (1992), профессор (1993), КР УИАнын корр.

мүчөсү (2000), Германиядагы Эл аралык билим берүүнү гу­мандаштыруу академия­сынын (1995) анык мүчөсү, Россия педагогикалык жана социалдык ИАнын анык мүчөсү (1999). КМУнун физика-математи­ка факультетин бүтүргөн (1965).

Мектепте мугалим (1965-1971), Фрунзе политех. техникумунда окутуучу (1971-73), Кыргыз педагогикалык ИИИнин аспиранты (1973-76), илимий кызматке­ри, сектор башчысы (1977-82), КМУда доцент (1982-92), Кыргыз билим берүү институтунун дирек­торунун илимий из. иштери боюнча орун басары (1992- 97), КМУда кафедра башчысы (1994), КРдин илимий диссертациялык кеңешинин төрагасы (1993-95; 2002-04, 2011-жылдан), КУУда Эл аралык би­лим берүү программаларын интеграциялоо ин­тунда окутуунун жаңы технологияларын илимий из. бөлүмүнүн башчысы (1997-2009), Улуттук ат­тестациялык комиссиясынын эксперттик кеңе­шинин башчысы (1995-2002). Илимий изилдөөлөрү окуучулардын жана студенттердин илимий түшүнүктө­рүн калыптандырууга, предметтерди байланыш­тырып окутууга арналган. М. 270тен ашык илимий эмгектин (анын ичинде 8 монография, 9 окуу китеби) автору.

Эмг.: Формирование естественнонаучных поянтий у школьников на основе межпредметных связей. Б., 1991; Физиканы окутуу теориясы жана практикасы. Б., 2004; Педагогиканын негиздери. Б., 2008.