МАЛАККА (шаар)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛАККА, М е л а к а (малача Ме1ака, англ. Ма1асса) - Малайзиядагы шаар. Малакка шта­тынын (губернаторлугунун) администрациялык борбору. Ма­лакка жарым аралынын түштүк-батышында, Малакка кы­сыгына Малакка д. куя бериштеги жээкте, Ку­ала-Лумпурдан 150 км түштүк-чыгышта жайгаш­кан. Деңиз порту. Калкы 201,4 миң (2010; шаар агломерация менен 400 миң). Эл аралык аэропор­ту бар. Шаар 1400-жылы ченде негизделген. 15-к­дан Малакка султандыгынын борбору болгон. Ө. ж. зонасында 2 нефть ажыратуучу завод, адис­тештирилген экономикалык аймагында жарым өткөргүч­төр, резина-техникалык буюм, табигый каучук иште­түүчү ишканасы, эмерек, текстиль, фармацевтика (негизинен витаминдер), парфюмерия-космети­ка, тамак-аш (пальма жана кокос майы, балык беленделет) ө. ж. иштейт. Султан Мансур шах­тын ак сарайы (15-кылым), А-Фамоза чеби (17-кылым, португалиялык), мечиттер, ратуша, Британия ээлик кылып турган мезгилдеги курулуштар, кытай кварталында Чандын үй-бүлөсү жаша­ган үй (1896; учурда кытайлардын тарыхый мурасынын музейи), «португалиялыктардын кыштагы» (португалиялык колониячылардын тукумдары - кристанг жамаатынын квартал­дары), парк жана мемориалдык кытай көрүстөнү (17-1-кылым), будда храмдары, диний архитектуранын эс­теликтери [Перингит (1720-жылы чен), Теренгкера (1728), Кампунг-Хулу (1728-жылы чен), Кампунг­Келинг (1748) мечиттери, Чэн-Хунь-Тэн кытай

храмы (17-к-дын ортосу)] сакталган. Шаар Бут­кул дуйнөлук мурастын тизмесине киргизилген. Малайзия мамлекеттик технол. (2000), менчик «Муль­тимедиа» (1976) университеттеринин кампустары, бир нече музейлер (анын ичинде Королдук аскер-деңиз), ки­тепканалар ж. б. бар. Зоопарк (1963) уюшту­рулган. Шаардын четинде Танжунг-Бидара де­ңиз климаттык курорту жайгашкан.