МАЛАЙЯ АРХИПЕЛАГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛАЙЯ АРХИПЕЛАГЫ - Жер шарындагы аралдардын эң көп топтолгон жери. Жалпы аянты 2 миллион км2дей болгон 10 миңдей аралдан турат. Азия жана Австралия материктеринин аралыгындагы Чоң жана Кичи Зонд (анын ичинде Кали­мантан, Суматра Ява, Сулавеси), Филиппин (Лусон, Минданао ж. б.), Молукка ж. б. арал­дар тобун камтыйт. Архипелаг негизинен Ин­донезия, Малайзия жана Филиппин мамлекети­нин курамына кирет. Орто бийиктиктеги жана жапыз тоолор басымдуу; эң бийик жери 4101 м (Калимантан айылындагы Кинабалу чокусу). 0. эле дөбөлүү түздүктөр жана ойдуңдар да бар. М. а. соңку кайнозой жана азыркы бүктөлүштөргө

ки­рет. Вулканизм өнүккөн; ЗЗОдан ашуун жанар­тоо бар, аракеттегилери ЮОдөн ашуун; эң бел­гилүүсү - Кракатау. М. а-нда алмаздын дүй­нөдөгү эң ири кендери бар; ошондой эле нефть, темир, никель, вольфрам, марганец кенташтарына, бокситке бай. Архипелагдын борбордук бөлүгү эква­тор, чет-жакалары Түндүк жана Түштүк жарым шар­лардын субэкватор алкактарында жатат. Аба­нын температурасы жыл ичинде анча өзгөрбөйт (түздүктөрдө 23-26°С, тоолордо 15-17°С). Жыл­дык жаан-чачыны түздүктөрдө 1000-2000 мм, тоолордун айрым жерлеринде 5000 ммден ашык. Экватор алкагында жаан-чачын жыл бою бир кылка, субэкватор алкактарында муссондук циркуляцияга байланыштуу көбүнчө жайында жаайт (жыл мезгилдери эки Жарым шарда эки башка). Дарыялары жыш, суусу молекулалык Жетиштүү же ашыкча нымдуу аймактарда кызыл же ла­териттик, жетишсиз болгон жерлерде кызыл­коңур жана күрөң, өрөөндөрүндө аллювий-шал­баа жана шалбаа-саз топурактары басымдуу. М. а. - Жер шарындагы флорага эң бай реги­он; Ява а-нда гана бОООден, Калимантанда ИОООден ашык түрү бар. Эндемизми да зор; эн­демиктик уруу 500дөн ашык, ал эми түрү 30- 35% ке жетет. Өсүмдүктөрү бийиктик алкактуу­лук боюнча өзгөрөт. Түздүктөрүн жана жапыз тоо­лорун (1200-1300 м бийиктикке чейин) ным­дуу тропиктик дайыма жашыл токой ээлейт; курамы өтө ар түрдүү: пальма (ЗООгө жакын түрү бар), панданус, бамбук, расамал, фикус, жапайы алма ж. б.; андан жогору дайыма жашыл то­кой ээлеп, ага субтропик флорасынын өкүлдөрү аралашат. Деңиз деңгээлинен 2000-4000 м бийикте ма­мык чөптүү, ашыкча нымдуу тоо токою жогору карай бадалдар_ жана тоо шалбаа тилкелери менен алмашат. Субэкватор алкактарында жалбыра­гы күбүлмө муссон токою жана саванна басым­дуу. Дельталарда жана деңиз жээктеринде мангр токою таралган. Түздүктөрүнүн басымдуу бөлүгү айдалып, анда шалы, тропиктик өсүмдүктөр өстүрүлөт. М. а-н адам жана ит сымал маймыл­дар, пил, керик, малайя аюусу жана кызыл ка­рышкыры, тери канаттар, абыргандар ме­кендейт.