МАЛАГАСИЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛАГАСИЛЕР - австронезия элдеринин тобу. Мадагаскардын негизги калкы. Саны 20 миллион киши (2009). 60 миңи Францияда, 10 миңи Ин­дия океанынын а-нда (Реюньон, Комор, Сей­шель а.) жашашат. Малагаси жана француз тил­деринде сүйлөшөт. Динге ишенгендеринин көпчүлүгү христиан динин тутушат, мусулман­сунниттер да бар. М. 40 этностук топко (антам­бахуака, зафисуру, бемихисатра, микса ж. б.) бөлүнөт. М. Малайя архипелагына кирген арал­дардан келгендери менен Чыгыш Африка элдери­нин аралашуусунан калыптанган. М-дин ата­бабалары биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын ортосунда, биздин заманга чейинки 3-к. - биздин замандын 1-миң жылдыгынын 1-жары­мында Түштүк-Чыгыш Азиядан жер которуп ке­лишкен. М. дыйканчылык, балык уулоочулук жана жибекчилик менен кесиптенишет. М-де жыйноочулук жана аңчылык сакталып калган. Салттуу кийими - эркектер белинен ылдый жа­мынгыч (салака), аялдар кыска юбка (сикини), майрам күндөрү жибектен согулган жамынгыч (ламба) оронушат. Тамак-ашы - негизинен күрүч, балык жана жүгөрү, майрам күндөрү эт (зебу).