МАЛАБО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛАБО (1973-жылы чейин С а н т а-И с а­б е л ь) - Экватордук Гвинея Респ-нын борбору, шаар. Масиас-Нгема-Бийого (мурда Фернандо­По) а-нда, Санта-Исабель жанартоосунун этегин­де жайгашкан. Калкы 179,3 миң (2010). Эл ара-

Шаардын жалпы көрүнүшү.

лык аэропорту бар. Биафра булуңундагы (Гви­нея булуңунун бир бөлүгү) порт (сыртка какао, кофе жана жемиш чыгарат). Өлкөдөгү калк эң жыш жайгашкан шаар. М. англичандар тарабы­нан 1827-жылы Порт-Кларнес тургун жайы катары негизделген. 1843-1968-жылы Испаниялык Гви­неянын администрациялык, 1968-жылдын 12-октябрынан Эк­ватордук Гвинея Респ-нын борбору. Токой ти­лүү, жыгаччылык, тамак-аш ө. ж. ишканала­ры иштейт. Пальма майы сыгылат. Самын кай­натылат. Экватордук Гвинеядагы негизги мада­ний борбор. Окуу борборлору (бул жерден жогор­ку билим алса болот) иштейт. Жыл сайын мада­ний фестивалдар (элдик ыр-бий) өткөрүлүп турат.