МАКСИМ ГРЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАКСЙМ ГРЕК (аты-жөнү - Михаил Т р и в о­л и с; 1475-жылы ч., Грекия, Арта - 1556, Москва обл., Троица-Сергий монастыры) - жазуучу, дин таануучу, тилчи жана котормочу; ыйык. Көп жылдар Италиядан окуган. Он жылдай Афон­догу (Грекия аймагы) Ватопед монастырына кыз­мат кылган. 1518-жылы Улуу князь Василий III Иванович тарабынан орус мамлекетине диний ки­теп котортуу үчүн чакырылып келген. Чиркөө оппозициясы менен байланышта болуп, 1525- жана 1531-жылы чиркөө кызматкерлеринин жыйында­рында айыпталган. Москвада коомдук көп ма­селелерге белсене катышып, ийрим уюштурган. Ал ийримде диний-теориялык гана эмес, улуу княз­дын ички, тышкы саясатына байланыштуу ма­селелер да талкууланып турган. М. Г. монас­тырь жер ээлигине, чиркөөлөрдүн байышына, дыйкандардын эзилишине каршы чыгып, бир нече ирет сүргүнгө айдалган. Диний үгүт-насыят­тар, публицистикалык макалалар, философиялык жана диний ой жү­гүртүүлөр, котормолор, фонетика, грамматика, лексикография боюнча макалаларды, адабий му­растарды калтырган. Анын фонетика боюнча эм­гектери кийин орус алиппесин түзгөндө кеңири пайдаланылган.