МАКСВЕЛЛ ТЕНДЕМЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАКСВЕЛЛ ТЕНДЕМЕСИ - электр-магнит

та­лаасынын (электр-динамиканын) негизги закон­дорун туюнтуучу тендеме. Ал ар кандай чөйрө­дөгү жана вакуумдагы электр-магнит кубулуш­тарын түшүндүрөт. 19-к-дын 60-жылдарында Ж. К. Максвелл тендемелерди электр жана маг­нит кубулуштарынын закондорун жалпылоонун натыйжасында иштеп чыккан. Эгерде талаа бу­лактары р жана ; белгилүү болсо, М. т. убакыт­тын каалагандай моментиндеги, мейкиндиктин каалагандай чекитиндеги талаанын негизги мү­нөздөмөлөрүн аныктоого жардам берет. М. т. төрт тендемеден турат. Биринчиси, магнит та­лаасын электр тогу менен дүүлүктүрүү жөнүндөгү

эмпи­риялыкзаконг/н жалпылайт: го1Н = ) +

а(

Экинчиси М. Фарадейдин электр-магниттик индукция законунун математикалык жазылышы:

Үчүнчүсү, электр заряддары өндүү

гойЕ

дВ

магнит заряддарынын болбой тургандыгын ырастайт: <НиВ=0. Төртүнчүсү, кыймылсыз электр заряддарынын өз ара аракеттешүү зако­нунун - Кулон законунун жалпыланышы: й(иО=р. Теңдемелерге кирген Е жана Н - электр жана магнит талаасынын чыналыштары, О жана В - электр жана магнит индукциялары. М. т. электр жана радио техникада, физиканын проб­лемаларын (плазма, башкарылма термоядролук реакция), астрофизиканын маселелерин чечүүдө орчундуу роль ойнойт.