МАКРОЭКОНОМИКАЛЫК ТЕҢ САЛМАКТУУЛУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАКРОЭКОНОМИКАЛЫК ТЕҢ САЛМАКТУУЛУК - экономикада суроо-талап жалпы сунуш­ка барабар болгон кырдаал. Ал экономикалык процесс­тердин пропорциялуулугу менен мүнөздөлөт. Мын­да коомдун социалдык-экономикалык кызыкчылыктар системасын ишке ашырууга ыңгайлуу шарт түзүлөт. Башкача айтканда коомдук чарбанын идеалдуу аба­лы туруксуз келет. М. т. с. абалга жетүү айрым механизмдердин (рыноктун өзүн-өзү жана мамлекеттик жөнгө салуу) таасири астында болот. Бул ме­ханизмдер ар бир өлкөдө ар башка.