МАКРОЭКОНОМИКАЛЫК САЯСАТ
МАКРОЭКОНОМИКАЛЫК САЯСАТ - мамлекеттин динамикалуу макроэкономикалык тең салматуулукту колдоо боюнча ишмердиги. М. с-тын негизги беш тармагы бар. Алар: 1) монетардык; 2) фискалдык; 3) элдин кирешеси (социалдык); 4) инновациялык инвестиция; 5) тышкы экономикалык саясат, башкача айтканда кайсы экономикалык циклде болсо, ошого жараша иш алып барат. Алсак, рецессия абалында болсо экономиканы көтөрүү үчүн өбөлгөлөө, инфляциянын деңгээлин жогорулатпаш үчүн чектөөчү иш-чараларды көрөт, к. Фискалдык саясат.