МАКРОЭКОНОМИКАЛЫК САЯСАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАКРОЭКОНОМИКАЛЫК САЯСАТ - мамле­кеттин динамикалуу макроэкономикалык тең салматуулукту колдоо боюнча ишмерди­ги. М. с-тын негизги беш тармагы бар. Алар: 1) монетардык; 2) фискалдык; 3) элдин кире­шеси (социалдык); 4) инновациялык инвести­ция; 5) тышкы экономикалык саясат, башкача айтканда кайсы экономикалык циклде болсо, ошого жараша иш алып барат. Алсак, рецессия абалында болсо экономиканы көтөрүү үчүн өбөлгөлөө, инфляциянын деңгээ­лин жогорулатпаш үчүн чектөөчү иш-чаралар­ды көрөт, к. Фискалдык саясат.