МАКРОМОЛЕКУЛА
МАКРОМОЛЕКУЛА — көп сандаган атомдордун бири-бири менен негизги валенттүүлүктөрү аркылуу байланышкан жыйындысы, башкача айтканда бир ири молекула же полимерлердин молекуласы. М-дан турган заттар ири молекулалуу бирикмелер деп аталат. М-лардын молекулалык массасы бир нече миңден бир нече млнго, айрым бир жаратылышта кездешүүчү М-лардыкы млрдга (кээ бир ДНК менен РНКлардыкы) жетет. М-лардын структурасы окшош же ар башка мономерлердин звенолорунун кайталанышынан түзүлөт. Эгерде алардын структурасы окшош мономерлерден турса, гомополимерлер, ар башка мономерлерден турса сополимерлер деп аталат. Сополимерлердин молекуласында жөнөкөй звенолор бири-бири менен кезектешип жайгашышат. Сополимерге бутадиенстирол каучугу мисал боло алат. Ар
башка молекулалык массалуу М-лар жүздөгөн жана миңдеген бирдей жөнөкөй звенолордон тургандыктан, алардын физикалык жана химиялык касиеттери окшош болот.