МАКЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАКЛЕР - сатуучу менен сатып алуучунун орто­сунда соода мамилелерин кесипкөйлүк менен жүр­гүзгөн далдалчы. Көбүнчө товарды, баалуу ка­газдарды сатууда жана тейлөө, камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүүдө, ошондой эле шериктер ор­тосунда соода келишимдерин түзүүдө өзгөчө роль ойнойт. Биржа М-лери соода секцияларында соо­да иш-чараларын жүргүзүп, сатуучу менен сатып алуучу жактын брокерлеринин оозеки кели­шимдерин каттайт. Мындан М. ар бир тарап­тан келишимдин наркына карата пайда көрөт.