МАКИАВЕЛЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАКИАВЕЛЛИ Никколо (3. 5. 1469, Флорен­ция, Сан-Кашано кыш. - 22. 6. 1527, ошол эле жер) - итал. ойчул, мамлекеттик саясий ишмер, жазуу­чу, тарыхчы жана аскердик теоретик. Латын жана итал. классиктердин эмгеги менен жаш кези­нен тааныш болушу келечекте анын мамлекеттик иш­терге катышуусуна жардам берген. 1494-жылы Фло­ренция кайрадан респ. болуп жарыяланганда, М. мамлекеттик катчы жана элчи (1498-1512) болуп иш­теген. Рим папасы (Юлий II), Людовик XII, Фер­динанд II ж. б. мамлекет башчылары менен кыз­матташууга мүмкүнчүлүк алып, маанилүү дипломатиялык тапшырмаларды аткарган. Медичинин бийли­ги калыбына келгенден кийин (1512) М. куу­гунтукталып, камакка алынган (1513). Бирок тез эле акталып чыккан жана Флоренцияга жа­кын айылга (Сан-Кашано) көчүп барып, саясий философияга арналган трактаттарды жазууга киришкен. «Өкүмдар», «Тит Ливийдин бирин­чи он күндүгү тууралуу ой жүгүртүүлөр» ж. б. эмгектерди жараткан. Эмгектеринде М. респ. түзүлүштү жактаган. Мамлекетти коомдогу сая­сий абал (бийликтегилер менен анын кол алдын­дагы адамдардын мамилеси) деп түшүндүрүп, ага ылайык башкаруу институтун жана мыйзамдарды түзүүнү сунуштаган. Ошондой эле «саясатты» илимге кереги бар тажрыйба деп баалап, «өткөндү тү­шүндүрүп», «учур чакта жетектеп», «келечек үчүн сабак болорун» көрсөткөн. 1520-жылы ноябр­да кайрадан Флоренцияга чакырылып, историо­граф кызматына ээ болгон жана 1525-жылы «Фло­ренциянын тарыхы» («1в1ог1е йогепПпе») деген көп томдуу эмгегин жазып бүтүргөн.

Ад.: Алексеев А. С. Макиавелли как политический мыслитель. М., 1980.