МАКАРТУР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАКАРТУР Дуглас (26. 1. 1880, Арканзас шта­ты, Литл-Рок - 5. 4. 1964, Вашингтон) - америкалык аскер ишмери, армиянын генералы (1944). 1903-жылы Вест-Пойнт Аскер окуу жайын бүтүргөн.

1899-жылдан аскердик кыз­матта. Орус-япон согушунда (1904-05) Япон армиясы­нын алдында байкоочу, 1906-жылы бир нече убакыт АКШ президенти Т. Руз­вельттин адъютанты. 1-дүй­нөлүк согушка (1914-18) ка­тышып, Францияда

«Раду­га» деп аталган 43-дивизия­нын командири жана штаб

начальниги, 1919-22-ж. Вест-Пойнт аскер окуу жайынын суперинтенданты,1922-жылдан Фи­липпиндеги америкалык армиянын командири. 1930- 35-ж. АКШ куралдуу күчтөрүнүн штаб началь­ниги, 1935-37-ж. Филиппинде аскер кеңешчи­си, 1937-жылы Филиппин фельдмаршалы, 1941-жылы Ы. Чыгышта америкалык куралдуу күчтөрдүн коман­дачысы, 1942-45-ж. америкалык оперативдик-страте­гиялык топтун, Тынч океандын түштүк-батыш бөлүгүндө союздук аскер күчтөрүнүн башкы ко­мандачысы. Тынч океандагы союздаш аскерлер­дин башкы командачысы катары 1945-жылы 2- августунда америкалык «Миссури» кемесинде Япо­ниянын капитуляциясын кабыл алган. 1945- 51-ж. Японияда америкалык оккупациялык аскер күч­төрүнүн командачысы. 1950-жылы июлдан 1951-жылы апрелге чейин Корей согушунун жүрүшүндө БУУ­нун аскер күчтөрүнүн командачысы болуп, КЭДРге каршы агрессивдүү согуштук операция­ны жетектеген. Америкалык аскерлердин Кореядагы жүргүзгөн согуштук операциялары ийгиликсиз болгондуктан, 1951-жылы апрелде бардык коман­далык кызматтардан кеткен. 1952-55-ж. «Ре­мингтон Рэнд инкорпорейтед», «Сперри Рэнд корпорейшен» ж. б. башкармалыктардын төрагасы болуп ири бизнеске аралашкан.