МАЙЯ ЖАЗУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЙЯ ЖАЗУУСУ — майя индейлеринин жазуу­су. Азыркы Мексиканын (Юкатан ж. а.), Гва­темаланын, Гондурастын аймагында жашаган индейлерге тиешелүү. Биздин замандын алгачкы кылымда­рынан бери белгилүү. 16-к-да испан чиркөөсү тыюу салганга чейин колдонулган. Андан үч чоң

кол жазма, ташка жана карапага түшүрүлгөн көптөгөн жазуулар сакталып калган. М. ж. кайсы түрдөгү жазууга кирери жөнүндө адистердин пикири ар башка болуп келген, .чындыгында фонетикалык жазуу болуп эсептелет. Америкалык окумуш­туу Э. Томпсондун пикири боюнча М. ж. - накта идеогр. мүнөздөгү жазуу, ошон үчүн фонетикалык жол менен окуу мүмкүн эмес. Ал эми француз

окумуш­туусу Л. де Рони, америкалык окумуштуулар С. Томас жана Б. Уорфтар баштаган изилдөөлөрдү улант­кан, ошондой эле белгилүү лингвист Ю. В. Кнорозов М.-ж. идеогр. фонетикалык белгилерден жана детерми­наттардан (иероглифтердин маанилерин ажы­ратуучу кошумча белгилерден) турарын көр­сөткөн. Бирок М. ж-ндагы кол жазмаларды окуп чыгуу жана түшүнүү толук ишке ашпай кел­генетикалык Учурда бүткүл дүйнөлүк окумуштуулар М. ж-сун окуй алышат.