МАЙДАЛООЧУ МАШИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЙДАЛООЧУ МАШЙНА - катуу заттарды (минералдар менен тоо тектерин) майдалап тал­калоочу машина. Кесек (100-300 мм), орт. (25- 100 мм), майда (5-25 мм) талкалайт. Өз ичинен жаактуу, конустуу, валдуу, барскандуу, өзөктүү түрлөргө бөлүнөт. Биринчи үч түрү катуу зат­тарда (кенташ, курулуш таштары), калганда­ры морт, жумшак (көмүр, акиташ теги, боксит ж. б.) материалдарда колдонулат.