МАЙ БОЁК ЖИВОПИСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЙ БОЁК ЖИВОПИСИ - живопистин байла­ныштыргыч зат катары өсүмдүк майын колдон­гон түрү. М. б. ж. 15-к-дын башында ага-ини ван Эйктер иштеп чыккан. Тондорунун ургаал­дуулугунун, түстөрдүн ийкемдүүлүгүнүн натый­жасында дүйнө көрүнүшүнүн сүрөттөлүшүн түзүүдө өтө бай мүмкунчүлүктөргө ээ. Анын боёк катмары жука жана паста сымал, тунук жана ка­лын, жалтырак жана бозомтук, ачык жана түсү боюнча эң кочкул боло алат. Көп катмарлуу жи­вопись менен бирдикте бул техникада тез тарты­луучу живопись да аткарылат. Желим боёкто­ру, айрыкча гуаштан айырмаланып, май боёк­тордун түстөрү кургагандан кийин да өзгөрбөйт. Ийкемдүүлүк, ар кандай мүмкүнчүлүктөргө бай материалдык эпке келгичтиги жана боёк катма­рынын чыдамдуулугу М. б. Ж-нин негизги ар­тыкчылыктарына кирет. Мезгилдин өтүшү менен карарып же саргарып кетиши, узак иштегенде технол. талаптардын татаалданышы анын кем­чилиги болуп саналат. М. б. ж. 14-к-дан баш­тап сүрөтчүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү колдон­гон техникалык ыкма.

Ад.: Ваннер Атап Айтканда Материалы масляной живописи. М., 2000; Яиплик Д. И. Техника живописи. М., 2008.