МАЙАМИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЙАМИ - АКШнын түштүк-чыгышындагы шаар. Флорида штатында. Атлантика океаны­нын жээгинде жайгашкан. Калкы 425,5 миң (2010, шаар агломерациясы менен 5,1 миллион, АКШ­нын 12 ири агломерациясынын бири). Эл ара­лык аэропорту бар. Деңиз порту (жылына 7,4 миллион т жүк жана 4,1 миллион жүргүнчү ташылган). 1895-жылы негизделген. Маанилүү соода-финансы борбору. Машина куруу (авиа, космос ракета­лары), металл иштетүү, радиоэлектроника, авиа­ция, полиграфиялык, тигүү, тамак-аш-татымал ө. ж. ишканалары, бир нече сигарет даярдоочу фабрика­лар, медициналык жабдууларды жана аспаптарды чыга­РУУЧУ заводдор, зер буюмдар өндүрүшү иштейт. Университеттер, опера театры, сүрөт музейи, океана­риум бар. АКШнын аскер-деңиз жана аба база­сы. Ботаникалык бак жана зоопарк уюштурулган. Шаар­дын айланасында жана шаарда 80ден ашык парк бар. Алигатор фермасы иштейт. Круиз саяка­тынын борбору. Жыл бою иштеген дүйнөдөгү эң ири климаттык курорттордун бири (жылы­на 5 млнго жакын турист келет). Туризм өнүккөн. АКШ спортунун борбору.