МАЗУТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЗУТ - нефтиден бензин, лигроин, керосин жана дизелдик суюк фракцияны буулантып бөлгөндөн кийин калган кара күрөн, коюу суюк­тук. Тыгыздыгы 0,89-1,00 г/см?, күйүү жылуу­лугу 38 МДж/кг. М. м а й л у у (майлагыч майлар сырьёсу), м а й л о о ч (экинчи сорттогу майлагыч) жана о т у н (жылытууда жана кый­мылдаткычта форсунканын жардамы менен күйүүчү) болуп айырмаланат. М. химиялык курамы жана касиетине жараша буу казандары, ө. ж. мештери, газ турбиналары үчүн отун катары жана күйүүчү суюк мотор отунун, ошондой эле парафин, битум жана ар түрдүү минерал майларды алууда пайдаланы латынча