МАЗМУН ЖАНА ФОРМА (адабият)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЗМУН ЖАНА ФОРМА көркөм адабиятта. Ар кандай көркөм чыгарманын өз мазмуну жана формасы болот. Белинскийдин сөзү менен айткан­да «... форманы мазмундан ажыратуу маз­мунду жок кылганга барабар же, тескерисинче, мазмунду формадан ажыратып кароо форманы жок кылганга тете». Чыгарманын мазмуну коомдук турмуштун ар кандай жактарын, адам­дардын өз ара мамилелерин көрсөтөт. Мазмун­ду түзүп турган негизги элементтер — тема жана идея. Мазмун өзүнө ылайык келген форманы тандайт. Форма - мазмунду ачып берүүнүн ка­ражаты. Анын негизги элементтери: сюжет, композиция, стилъ. Мазмун жетектөөчү ролго ээ болот да, өзүнө ылайык форманы талап кы­лат, бирок муну менен форманын маанисин тө­мөндөтүп коюуга болбойт. Көркөм чыгарманын мазмуну сюжеттин курамындагы окуяларда, ар кандай кырдаалдарда, каармандардын жү­рүм-турумунда, аракеттеринде же алардын күрөштөрүндө түзүлөт. Адабиятта сөз кудурети менен ар кандай турмушту терен жана көп тараптуу берүүгө болот, мында мазмунду берүүдө адам мүнөзү чечүүчү күчкө ээ. Ошол мазмунду көркөм мүнөздөрсүз ачып берүү тарых чынын же философтун милдети, жазуучу сөзсүз түрдө турмушту көркөм образ аркылуу чагылдырууга тийиш. Форма - мазмунду берүүнүн ыгы, сырт­кы кийими, кейпи, бир бүтүн түшүнүктү бил­дирип турган мазмундун курулушу, мазмун­дун көрүнүшү. Демек, көркөм адабияттагы форма - бул мазмунду ачып берүүгө багытталган, жанр­дык-композициялык, лексикалык-стилисти­калык, басымдык-ыргактык көркөм каражат­тардын баарынын өз ара байланышынын жы­йындысы.