МАЗКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЗКОВ Евдоким Константинович (20. 6. 1922, Казакстан, Ак-Төбө обл., Мартук станциясы - 11. 7.

1977, Жалал-Абад) - учкуч, Советтер Союзунун Баатыры (1944). Советтик Армиянын катарына Жа­лал-Абад ш-нан чакырылган. 1942-жылы

Оренбург­дагы Чкалов аскер авиа­ция мектебин бүткөн. 1943- 44-ж. 237-штурмалоочу авиация полкунда звено ко­мандири. Түштүк-батыш жана 3- Украин фронтторунда бо­луп, Белгород, Донбасс, За­порожье, Никополь, Кривой Рогду бошотууга катыш­кан. 85 согуштук учуу жа­сап, душмандын 89 авто­машинасын, 7 танкын, 26 замбирегин, 8 дзо­тун, 4 кампасын, 19 вагонун, 2 ротадай аскерин жок кылган. Запорожье аймагында Днепр д-ндагы т. ж. көпүрөсүн сүрөткө тартып алуу боюнча өтө татаал тапшырманы аткарган. 1944-жылы 28-октябрда Балтика боюндагы салгылашта оор жарадар болгон. Өмүрүнүн акырына че­йин Жалал-Абад шаарында жашаган. Ленин, 2 Кызыл Туу, 1-даражадагы Ата Мекендик со­гуш, Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган. Жалал-Абад ш-ндагы бир көчөгө ысмы ыйга­рылган.