МАЗАРИНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЗАРЙНИ Жулио (14. 7. 1602, А’Акуила про­винциясы, Пешина - 9. 3. 1661, Венсен) - фр. мамлекеттик ишмер. Теги италян. Сицилиялык

дво­рян үй-бүлөдөн. Папанын аскер

күчтөрүндө кызмат өтөгөн. 1623-44-ж. Рим па­пасынын дипломаты. 1634- 36-ж. фр. дипломатиялык кызматта. 1641-жылдан кардинал. 1643-61-ж. биринчи ми­нистр болуп иштеген. М. фр. абсолютизмди бекемдеп, 1643-жылы феод. ак сөөктөрдүн кутумун жана элдик

көтөрү­лүштөрдү токтоткон. 1648-53-ж. Францияда аб­солютизмге жана Мененин өкмөтүнө каршы чык­кан ар кандай социалдык катмарлардан турган Фронда кыймылынын кысымы менен Париж пар­ламенти Менени мамлекеттин душманы деп жа­рыялап, 1651-52-ж. Франциядан кетүүгө арга­сыз кылган. 1653-жылы Фронда кыймылы басыл­гандан кийин М. кайрадан Францияга кайтып келген. Тышкы саясатта М. күчтүү дипломат болгондуктан, көптөгөн ийгиликтерге \(Вест­фалия тынчтыгы (1648), Франция менен Анг­лиянын ортосундагы 1655-жылы түзүлгөн тынчтык жана соода келишимдери ж. б.)] жетишип, Евро­пада Франциянын саясий гегемониясын бекем­деген.

Ад.: Ивонина Л. И. Мазарини. М., 2007.