МАЗАР-БУЛАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЗАР-БУЛАК, Подгорный - Жалал­Абад облусу Сузак р-нундагы кыштак. Көгарт айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1240 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Су­зак кыш-нан 48 км түндүк-чыгыш тарапта. Жа­лал-Абад т. ж. бекетинен 22 км. Калкы 1000 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгек­тенет. Негизги мектеп, китепкана бар.