МАЖУРО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЖУРО (Ма]иго) - Маршалл Аралдары Респ­нын борбору. Тынч океандын батыш бөлүгүндө, Маршалл аралдары архипелагында, шурулуу акиташ тегинен турган океан жанартоосунун чокусунда, деңиз деңгээлинен 10 м бийиктикте жай­гашкан. Калкы 25,8 миң (2010; республикада жашаган калктын 50%), негизинен маршалл­дыктар жана япон келгиндери. Өлкөнүн саясий жана экономикалык борбору. М. 19-к-дын аягында негиз­делген. 1886-жылдан 1914-жылы чейин М. Герма­ниянын протектораты астында болгон. Шаар­ды 1-дүйнөлүк согуш мезгилинде япониялык ас­керлер, 1944-жылы АКШнын аскерлери басып ал­ган. 1979-жылы Маршалл аралдары өзүн-өзү баш­каруу укугуна ээ болгондон баштап анын бор­бору. Шаардын социалдык жана экономикалык өнүгүүсү АКШнын финансылык колдоосуна көз каран­ды. Модерн стилинде курулган Капитолий, Але­ле музейи (анда Маршалл аралдарынын тур­гундарынын маданияты менен искусствосу чагылдырыл­ган) бар. Шуру атоллдору (ак кумдан турат) ту­ристтерди өтө кызыктырат. Мажуро атоллу - Тынч океандын «бермети» деп аталат. Кол

өнөрчүлүк (кездемеден, океан үлүлдөрүнөн, бам­буктан жана жыгачтан буюм жасоо) өнүккөн.

Ад.: Маджуро//Все столицы мира: Энциклопеди­ческий справочник. М., 2004.