МАДУМАРОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАДУМАРОВ Адахан Кимсанбаевич (9. 3. 1965-

жылы туулган, Ош обл., Өзгөн району, Куршап айылы) - мамлекеттик жана саясий ишмер. Тверь (Россия) мамлекеттик университетин (1992), КМУну (1999) бүтүргөн. 1992- 94-ж. КРдин басма сөз жана маалымат министрлигинде референт, «Түрк ааламы» гезитинин башкы редакто­ру, КР Мамлекеттик улуттук те­лерадиокомпаниясында балдар жана жаштар теле­программасынын редакто­ру, башкы редактордун орун басары, башкы редак­тору, 1994-95-ж. саясий баяндамачы, 2005-жылы КР­дин вице-премьер министри, 2006-07-ж. КРдин мамлекеттик катчысы, 2007-08-ж. КР Жогорку Кеңе­шинин төрагасы, 2008-09-ж. КРдин Коопсуздук Кеңешинин катчысы болуп иштеген. КР Жогор­ку Кеңешинин депутаты (1995-2000; 2000-05; 2005-06; 2007-08). «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын жетекчиси (2010). КМШ өлкөлө­рүнүн Парламент аралык ассамблеясынын ал­тын медалы менен сыйланган.