МАДЗИНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАДЗЙНИ Жузеппе (22. 6. 1805, Генуя - 10. 3. 1872, Пиза) - итал. революционер, итал. улут­тук-бошт. кыймылынын жол башчыларынан, Рисоржиментонун катышуучусу, европалык жана италиялык радикал-демокр. кыймылдын идеологу. Ге­нуя университетинен укук боюнча би­лим алган. 1827-жылдан кар­бонарийлердин (Түштүк Ита­лиядагы жашыруун саясий коом) мүчөсү. Италияны авс­триялык эзүүдөн куткарып, эркиндикке чыгарууга жана бириктирүүгө бүт өмүрүн ар­наган. 1830-жылы камалып, ан­дан соң Генуядан куулган жана чет өлкөдө (Франция, Швейцария, Улуу Британия) жашаган 1831-жылы Марселде «Жаш Италия» патриоттук жашыруун уюмун уюшту­руп, бирдиктүү Италия мамлекетин түзүүнүн саясий программасын иштеп чыккан. 1849-жылы март-июлда Рим респ-нын премьер-министри катары башкарып, бир катар реформа жүргүзгөн. 1850-жылдардын ортосунда «Аракет партиясын» түзгөн. Ал партия 1860-жылы Сицилияга Ж. Гари­бальдинин экспедициясын уюштурган. 1860- жылдары М. өлкөнү бириктирүү күрөшүнө жу­мушчуларды тартуу үчүн аракеттенип, утопия­лык идеяларды тараткан. Генуя, Неапол, Пи­зада Мененин идеялык мурастарын жана

мадзи­низмди идеялык-саясий агым катары изилде­ген бир нече борборлор, институттар бар.