МАДЕЙРА (аралдар)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАДЕЙРА - Атлантика океанындагы аралдар тобу, Африка жээгинен түндүк-батышта. Португа­лиянын аймагы. Аянты 797 км2. Эң чоң ара­лы - Мадейра (бийиктиги 1860 л«ге чейин; Бику­Руйву чокусу). Аралдары - суу астындагы

жа­нартоолордун чокулары. Климаты океандык, жер ортолук деңиздик; жылдык жаан-чачыны 740 ммте чейин. Жер ортолук деңиз өсүмдүктөрү (маквис, каштан токою, лавр дарактары, мыр­за карагай) өсөт. Тропик дыйканчылыгы, жүзүм­чүлүк, шарап чыгаруу өнүккөн. Кышкы курорт­тору бар. Башкы ш. жана порту - Фуншал (Ма­дейра а-нда). Ал 1419-жылы португалиялык деңиз саякатчылары Ж. Гонсалвиш-Зарку жана Т. Ваш Тейшейр тарабынан ачылган. 1433-жылдан азыркы аты менен белгилүү. 15-к-дан бал камыш өстүрүлө баштаган. 17-к-дан шарап өндүрүлөт. 1807-14-ж. Наполеон согушу учурунда брита­ниялыктар басып алган. 1976-жылдан Порту­галиянын автономия региону. Жалпы элдик шайлоо аркылуу шайлануучу өз парламенти региондук деңгээлде кеңири ыйгарым укуктуу өкмөтү бар.