МАДАЛИ ЭШЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАДАЛИ ЭШЕН (Ийикчи эшен), М у х а м­мед-Али Халиф Мухаммед-Са­быр Суфиев (1846, Фергана өрөөнү, Шохи­дон кыш. - 24. 5. 1898, Анжиян ш.) - Анжиян көтөрүлүшүн жетектегендердин бири. Бухара жана Самарканд ш-ндагы медреселерден билим алган. Россия империясынын жүргүзгөн коло­ниялык саясатына каршы нааразычылыктар элдик көтөрүлүшкө алып келип, элдин сунушу менен М. көтөрүлүшкө жетекчилик кылган. Мисалы, Кайыпназар, Магзум Зиябидин башында тур­ган эл Анжиянга, Оморбек датка Бекмуратов менен Өмүрбек датка Ошко, Көгарт болуштугунун башчысы Чыйбыл жана Атакул паңсат Хана­заровдор Кара-Көлдөгү казак-орус отрядына кол салууну пландап, куран кармап ант бе­ришкен. 1898-жылы 18-майда алар эки ротадан турган Анжиян аскер гарнизонуна кол салып, тез эле жеңилип калган. М. башында турган

22 адам дарга асылып, калгандары Сибирге ай­далган.

Ад.: Ювачёв И. Курбан-Джан-датха, кара-киргиз­ская царица Алая. Туркестанский сборник. Т. 471.

Э. Турганбаев.