МАГРИБ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАГРИБ (арабча- батыш) - Түндүк Африкадагы Ту­нис, Алжир, Марокконун аймагын камтыган, ошондой эле Ливия, Мавритания жана Батыш Сахара менен бирдикте Чоң М. же Араб Батышын (Араб чыгышынан - Машриктен айырмалаш үчүн) түзгөн регион. Испаниянын мусулмандар жаша­ган аймагы (Андалусия), Араб халифатынын мурдагы Жер Ортолук деңизиндеги ээликтери - Балеар а., Сардиния, Сицилия да киргизилген. Араб адабий тили менен катар М. өлкөлөрүндө араб диалектилериндеги хасания диалектинде (Мавритания, Батыш Сахара) жана бербер диа­лектинде жана мальта тилинде (жазуусу латын алфавитинде) сүйлөшөт. 1956-жылы Марокконун королу Мухаммед V жана Тунистин премьер-ми­нистри X. Бургиба «Улуу Араб Магриби» деген региондук бирикмени уюштуруу идеясын сунуш­ташкан. 1964-жылы М. өлкөлөрүнүн Туруктуу кон­сультациялык комитети уюштурулган. Кийинче­рээк тармактык комиссия түзүлүп, алар бир ка­тар келишимдерге кол коюшкан. 1989-жылдын февралында Алжир, Марокко, Тунис, Ливия жана Мавритания өлкөлөрүнүн башчылары ре­гиондук Араб Магриби союзун уюштуруу үчүн кол коюшкан. Анын негизги милдети - Батыш Африка өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык жана саясий биримдикти орнотуу.