МАГНИТ КАРШЫЛЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАГНИТ КАРШЫЛЫГЫ - магнит тизмегин мүнөздөөчү чоңдук; магнит тизмегине ара­кет кылган Р магнит кыймылдаткыч күчүнүн магнит тизмегинде пайда болгон Ф магнит

агы­мына болгон катышы. Ал Д_ =—-— формула­сы боюнча эсептелет, мында, р. - магнит өткөрүм­дүүлүгү, ц0 - магнит турактуулугу, I жана 8 - маг­нит тизмегинин бөлүгүнүн узундугу жана туура­сынан кесилиш аянты. Алынган формула «маг­ниттик азаюуну», тизмектеги магнит талаасы­нын бир тектүү эместигин, М. к-нын магнит талаасынан сызыктуу эмес көз карандылыгын эске албагандыктан болжолдуу болуп эсептелет. Өзгөрмөлүү магнит талаасындагы М. к. - комп­лекстүү чоңдук, себеби бул учурда ц электр маг­ниттик термелүүнүн жыштыгына көз каранды. Эл аралык бирдиктер системасында М. комитетын бирдиги үчүн ампердин веберге (А/Вб) болгон катышы алынган.