МАГНИТ
МАГНИТ (грекче Ма^пёПз 1Шю'з - Магнесиянын ташы) - өздүк магнит талаасына ээ болгон зат. Темир, болот ж. б. у. с. заттарды өзүнө тартуу касиетине ээ болгон заттар алгач Магнесия шаарында (Кичи Азия) табылган. М. табигый (кен казууда алынат) жана жасалма (электр тогунун
жардамында алынат) түрдө кездешет. М-ти мүнөздөөчү негизги касиет болуп анын түндүк (Ы) жана түштүк (8) уюлдары эсептелет. Бирдей уюлдарын жакындатсак, алар түртүлүшөт, карамакаршы уюлдарын бириктирсек, тартылышат. Мындай өз ара аркеттенишүүлөр магнит талаасынын аракетинин натыйжасында жүрөт. Заттар М-тик касиеттери боюнча эки топко бөлүнөт: парамагнит жана диамагнит. М-ти илимий жактан изилдөө алгач орус окумуштуусу П. Перегрин («Магнит жөнүндө китеп»), англ. врач У. Гильберт («Магнит жөнүндө») тарабынан жүргүзүлгөн.