МАВРИТАНИЯ ИСКУССТВОСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАВРИТАНИЯ ИСКУССТВОСУ, мавритания­лык стиль - 7-8-к-дагы Испаниянын түштүгү менен түндүк Африка өлкөлөрүндө араб басып алуу­чуларынын маданияты менен жергиликтүү элдин маданиятынын биригишинин натыйжасында пайда болгон искусство. Кээде бул искусствону «магрибдик - батыш­тык» деп да аташат. Пиреней ж. а-на арабдар басып киргенден кийин «маврлар» деген аталыш жалпы эле мусулман басып алуучуларына та­рап кеткен. М. и. үчүн туура уюшулган жана тек­тоникалык жактан жеткилең жасалгалуу архитектуранын көрүнүктүү үстөмдүгү мүнөздүү. Мав­ританиялык архитектура мозаика жана орнаменттик кооздуктар менен абдан мол көркөмдөлгөн.

Альгамбра ак сарай чебинин фрагменти. 14-к.

М. и-нда диний архитектура (медресе, мечит) менен бир­дикте жарандык (ак сарай, замок) архитектура да жакшы өнүккөн (Альгамбра ак сарай чеби). Архитектурада аркалардын ар түрдүү формалары, ста­лактит кумпалары, артесонадо шыптары, кон­солдогу карниздер менен серелер, түсү жана факту­расы боюнча ар түрдүү материалдар (жыгач, ганч, мрамор, витраж) кеңири колдонулган. М. и-нда жасалга-колдонмо өнөрү (пил сөөгү, кездеме, ки­лем ж. б.) маанилүү роль ойногон. Ал эми жи­вопись менен бедизчилик начар өнүккөн, бул адам менен жаныбарлардын сүрөтүн тартканга тыюу салган диний доктринанын тийгизген таасири менен түшүндүрүлөт.