МААНАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МААНАЕВ Эгемберди Жумагулович (15. 5. 1933-жылы туулган, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз району, Даркан айылы) - тарыхчы, тарых илимдеринин док­тору (1976), проф. (1983). КРдин билим берүүгө эмг. сиң. кызматкери (1994). Пржевальск муга­лимдер институтун (1952), КМУну (1959) бүткөн. 1952-54-ж. комсомолдун Тянь-Шань обкомун­да лекторлор тобунун башчысы, 1963-65-ж. Кыргыз ССР ИАда кенже илимий кызматкер, 1965- 67-ж. Кыргызстан КП БКнын лектору, 1967-81-ж. Кыргызстан КП БКнын алдындагы Партия тарыхы институтунда улук илимий кызматкер, 1981-92-ж. И. Арабаев атындагы КМПУда (мурдагы В. В. Мая­ковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институту) проректор, 1992-99-ж. кафедра башчысы, 1999- 2009-жылы Коомдук илимдер департаментинин, 2009-жылдан Коом таануу адистерин даярдоо борборунун, Коом жана чыгыш таануу, Тарых жана социалдык-укук таануу институттарынын ди­ректору. Россия эл аралык академиясынын ака­демиги, И. Арабаев атындагы сыйл. лауреаты. Эм­гектери негизинен кыргыздын революцияга чейинки тарыхына, кыргыз интеллигенциясынын коом­догу ролуна ж. б. тармактарга арналган. 170тен ашык илимий эмгектин (анын ичинде 10 монография) авто­ру. 3-даражадагы Манас ордени менен сыйланган. КМПУнун Тарых жана социалдык укук таануу институтуна ысмы берилген.

Эмг.: Каратаев О. К., Маанаев Э. Ж. Кыргыз элинин этникалык өнүгүүсү. Б., 2003; Маанаев Э. Ж. Памир кыргыздары (Тарыхый-этнографиялык очерк). Б., 2010.